Бишкек.02.05.2019.Govori.TV.
Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Раимбек Матраимов уюштурган иш-чарасына жеке сапары менен барганы тууралуу журналистерге билдирди.
«Мен Раимдын эмес Искендер Матраимовдун чакыруусу менен бардым. Бул жеке сапар болчу», — дейт Боронов.
Эскерте кетсек, түштүктөгү эң таасирдүү адамдардын бири Райым Матраимов, байке фонду 1 млн сомду түзгөн иш чараны өткөрдү. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, ошондой эле Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Абдывахап Нурбаев жана башкалар катышып, коомдун сынына кабылышты.
«Райым миллион» деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеди. Ага чейин түштүк Бажысын башкарып, мурда Ош бажысына жетекчилик кылган.
Р. Матраимовдун бир тууганы, Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты.