• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жаракат алганы кабарланды

5 Тогуздун айы 202021:45 Бишкек Govori.TV

Ала-Тоо аянтында митингге чыккандарды таркатуу маалында күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жаракат алганы кабарланды. Маалыматтар боюнча экөөнүн тең мээси чайкалган, учурда аларды «Тез жардам» кызматы Улуттук госпиталга алып кетти.

Азыркы тапта аянтта бир «Тез жардам» бригадасы иштеп жатат. Митингге келгендердин арасынан канчоо жарадар болгону белгисиз.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/391149578554602

Буга чейин Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынын талапкери, депутат Жанарбек Акаев жаракат алганы айтылган.

Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатты.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан. Катышуучулар Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан.

Количество просмотров: 240