• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Көчмө мобилдик клиника Нарын облусунда иштей баштады

22 Кулжа 201916:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.06.2019.Govori.TV .

Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурган Көчмө мобилдик клиника бүгүн 22-июндан тартып Нарын облусунда иштей баштады. Доктурлар Ат-Башы, Жумгал райондорун, облустун бардык алыскы айылдарын кыдырышат.

Буга чейин клиника Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында болгон. Нарындан кийин Ошко барат.

Алыскы айылдардын тургундарын офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолог, маммолог, уролог доктурлар текшерүүдө. ВИЧ/СПИДге да ошол жерден анализ тапшырып, жыйынтыгын алса болот.

Кыргызстанда заманбап жабдыгы бар лаборатория, клиникалар негизинен Бишкекте жайгашкан. 

Количество просмотров: 16