• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

“Көчмөндөр” дебестен “качкындар” деген котормочу сынга алынды

5 Аяк оона 2018 11:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.09.2018. Govori.TV.

3-сентябрь күнү Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн 6-саммити болуп өттү. Саммитте өлкө башчыларынын расмий жолугушуусундагы президенттердин сүйлөгөн сөзүн кыргыз тарап котормологон.  Котормочунун өз ишин алып барып жаткан учурдагы кээ бир учурлар элдин сынына калды. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин сөзүн “көчмөндөр” дебестен “качкындар” деп адашып которгон видеосу социалдык тармакта чоң талкуу жаратып жаткан учуру. Жеке бул эле эмес башка өлкө башчылардын сөздөрүн да туура эмес, адашып которгон. Бул көрүнүш  коомчулукта ар түрдүү ойлорду жаратып, эне тилибиздин деңгээли аябай эле түшүп кеткени көпчүлүктү ойго салды.

Эске салсак, саммитке кеңеш мүчөлөрү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана бул жолку жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышкан.
Количество просмотров: 29