• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Көчмөндөр оюндарында 50 ыктыярчы чет өлкөлүк журналисттерди коштоп жүрөт

29 Баш оона 2018 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.

Чет тилдерди билген 50 ыктыярчы көчмөндөр оюнуна келе турган эл аралык басылмалардын журналисттерин коштоп жүрүшөт. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова ыктыярчылар менен кезигишип, алдыда боло турган иш-чара тууралуу түшүндүрмө берген. «Алдыда чоң тапшырма күтүп турат. Эл аралык меймандарды жылуу тосуп алып, аларга салттуу меймандостукту, кылымдан келе жаткан көчмөндөр маданиятын таанытышыбыз керек», — деди Темирбекова.

Ыктыярчылар чет элдик басылмалардын өкүлдөрү менен кандай иш алып бара тургандыгы тууралуу маалыматтар менен жакындан таанышышты.

Кошумчалай кетсек, англис, немец тили, түрк, араб жана корей тилдерин мыкты билген ыктыярчылар конкурс аркылуу тандалып алынган.

Количество просмотров: 31