Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандыктар ат чабыштарда 14 медаль утуп алышты
Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандыктар ат чабыштарда 14 медаль утуп алышты
7 Аяк оона 2018 9:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.09.2018.Govori.TV.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында Кыргызстандыктар ат чабыштарда 14 медаль утуп алышты. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.
6-сентябрга карата жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:
Кыска аралыкка (түз жерде чабыла турган) ат чабыш:
Аралык 1600 м, катышуучулардын саны — 8
1-орун — Данбай (күлүктүн каймана аты), Жапаров Бурганак (ээси), Жапаров Таалай (машыктыруучу) — Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) — байге фонду — 200 миң сом;
2-орун — Харт ту Кети, Зарипов Рассим (ээси), Таалайбек уулу Бактияр (машыктыруучу) — Башкыртстан (Россия) — 100 миң сом;
3-орун — Падиша Нури, Шынайдаров Адилет (ээси), Рахимбаев Малик (машыктыруучу) — Казакстан — 70 миң сом;
4-орун — Сулкара GB, к/з «Асанбек Ата» (ээси), Батыркулов Жекиш (машыктыруучу) — Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) — 50 миң сом.
Кунан чабыш:
Аралык 11 000 м, катышуучулардын саны — 25
1-орун — Зара, Жолдошбеков Кубанычбек (ээси), Өмүралиев Керим (машыктыруучу) — Кыргызстан (Нарын облусу) — байге фонду 300 миң сом;
2-орун — Көк Серек, к/з «Асанбек Ата» (ээси), Батыркулов Женишбек (машыктыруучу) — Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) — 200 миң сом;
3-орун — Байдарка, к/з «Аширбек Ата» (ээси), Дүрбоөлөң уулу Эдил (машыктыруучу) — Кыргызстан (Чүй облусу) — 120 миң сом;