• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине кайсы дүйнөлүк жылдыздар келери айтылды

7 Аяк оона 2018 14:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.09.2018.Govori.TV.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын жабылыш аземине алыскы жана жакынкы чет мамлекеттен ырчылар келет. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Ага ылайык, жабылыш аземине Германиянын Чыңгыз хан тобу, франциялык ырчы Мурад Бурауи, Эквадордон Лео Рохас, россиялык «Корни» тобу, Румыниядан «Аксент» тобу, өзбекстандык ырчы Озода Нурзаидова, Казакстандан Жанар Дугалова жана Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков баштаган бир катар ырчылар катышат.
Салтанаттын билеттери Кыргыз почтасы ишканасынын Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы бөлүмдөрүндө сатылып жатат. Билеттин баасы 350 сомдон 3800 сомго чейин сатылып жатат.

View this post on Instagram

Билеты на церемонию закрытия III Всемирных игры кочевников можно купить в почтовых отделениях Кыргыз почтасы в городах Бишкек (ул. Чуй, 96, ул. Киевская, 114), Ош (ул. Ленина, 320) и Чолпон-Ата (ул. Советская, 122). Также билеты можно приобрести через официальное приложение Всемирных игр кочевников. Приложение доступно на платформах Android и IOS. Входные билеты являются строго индивидуальными, с нанесенными на них QR-кодами. В билетах зашифрованы персональные данные физического лица, в частности ФИО, фотография, паспортные реквизиты и т.д. Строго запрещается передача билета другому лицу и порча нанесенного QR-кода. Несоблюдение вышеуказанных норм приведет к аннулированию билета без возмещения стоимости. Билеты на церемонию открытия будут стоить от 400 — до 4 900 сомов, на церемонию закрытия — от 350 – до 3 800 сомов. Напомним, Церемония закрытия состоится уже 8 сентября 2018 года в 20 ч.00 мин.

A post shared by NO.MAD (@no.mad_channel) on

Эске салсак, жабылыш аземи 8-сентябрда саат 20:00дө Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары 2-сентябрда башталып, ага 70 мамлекеттен 1918 спортчу келип, спорттун 37 түрү боюнча күч сынашты.

 

Количество просмотров: 17