• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Көчмөндөр оюндары өтчү Таластагы ипподром даяр болбой, оюндар түштөн кийин башталмай болду

16 Аяк оона 201914:04 Бишкек Govori.TV

Талас шаарында ипподром толугу менен даяр болбой, Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча таймаштар саат 16:00дө башталмак болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдиргенин turmush.kg басылмасы жазды.

«Бизде спорттук таймаштарга катышуучу оюнчулар стартта турган. Негизи мелдештер саат 10:00дө башталмак. Ипподром даяр болбогону үчүн оюндар саат 16:00гө жылдырылды. Бирок программадагыдай эле бүгүн көк бөрү боюнча 3 оюн болот. Биринчи болуп Ош менен Нарындын командалары, экинчи Бишкек менен Ысык-Көлдүн командалары, үчүнчү Чүй менен Баткендин командалары ойношот», — деди ал.

Количество просмотров: 134