• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

К.Иманалиев: «Соттор мамлекеттин тамырын чиритип жатат»(видео)

15 Бирдин айы 2018 11:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV

Соттор мамлекеттүүлүккө шек келтирип жатат. Мыйзамдардын аткарылбагандыгы бул көз карандысыздыктын азайганына байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айтты.
«Кээ бир соттор  5-6 оппозиционерди абакка отургуздук жана 4-5 журналистке очойтуп айып салдык деп ойлоп жатышса керек. Жок, соттор мамлекеттүүлүктүн түпкү тамырына доо кетирип жатат. Эмне үчүн жаштар экстремисттик диний топторго өтүп кетип жатат? Эмне үчүн алар кээ бир криминалдык төбөлдөрдүн сүрөтүн үйүнө илип жатат? Себеби алар мамлекетке ишенбей жатат. Мамлекеттин ишеничи соттордун адилеттүүлүгүнө байланыштуу. Акыркы 2 жылдагы соттордун чечимдеринин баары саясий, укуктук эмес мыйзам бузганын президент кашкайта айтты. Сотту эки эле орган түзөт. Президент жана Жогорку Кеңеш. Өлкө башчысы өз сөзүн айтты, эми биз айтпасак чыккынчылыкка тете. Себеби биздин көз алдыбызда мамлекеттүүлүк азайып, анын тамырына доо кетип жатат- дейт депутат  Иманалиев.

 

Сүрөт: Sputnik

Количество просмотров: 11