• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

21 Бештин айы 202111:41 Бишкек Govori.TV

Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 10:51де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек жалпы өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу, мындан сырткары ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган.

Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Количество просмотров: 234