• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Жолдошум балдарымды тартып алды». Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган келин окуя тууралуу үн катты

28 Кулжа 2022 14:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июнда Ош шаарындагы Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган келин маалымат жыйын берди. Өзүн Эмилбек кызы Айгерим деп тааныштырган келин 1995-жылы туулган. Ал 18-жашында өзүнөн 10 жаш улуу адамга турмушка чыкканын жана ал турмушта көп кордук көргөнүн айтат.

«2014-жылы турмушка чыккам. Ортодо 9 жыл ичинде 4 балабыз бар. Эки уул жана эки кыз. Улуу кызым азыр 7 жаштан өттү. Биз ажырашкан убакта кичинекейим 1 жаш 2 айлык болчу. Турмуштагы бул нерселерге мен эмне үчүн чыдап жашап келдим, себеби мен өзүм да жашоомдо көп оорчулуктарды көрдүм, ата-энесиз өстүм. Күйөм 1985-жылкы, башында адамдын кандай экенин билбейсиң да. Мен буга чейин да зордук-зомбулуктун айынан шаардык, облустук милицияга кайрылып келгем. Ушу зомбулуктун айынан буга чейин да бир жолу өз өмүрумө кол салуу аракетин кылгам. 9 жыл аралыгында бир топ жолу кол көтөрүүлөр болгон. 3 жыл мурун мени катуу сабап коюп реанимацияга түшүп калгам. Ошондо менин жалгыз артымда турган адамым таятам инсульт алып төшөктө жатып калды. Күйөм мени сөз менен да басмырлайт болчу. «Сенин кимиң бар эле», «колуңдан эмне келе», «Сен менин аялымсың» жана башка ушул сыңары кемсинткен сөздөрдү айтчу. Күйөмдүн зомбулугу менин туугандарыма да боло баштады. Ал таятамдарга барып алып, сөз менен кемсинтип ар нерсени айтчу. 9 жыл аралыгында мен реанимацияга 3 жолу түштүм. Акыркы жолкусу мен өз жолум менен кетүүгө, мындай жашоону токтотууга чекит болду. Өлүп калыш бат эле экенин түшүндүм. Төрт баламды жетим кылгым келген жок», — деп билдирди Айгерим.

Ал ошондой эле Сулайман-Тоодон эмне үчүн секирүү аракетин кылганы тууралуу да токтолуп, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

«Мен январь айында ажырашканмын. Биз ажырашып жатканда 1 жаштагы эмизип жаткан баламды колуман жулуп алды. Мен күйөмдүн мага кылган жаман мамилесинин баарына чыдадым. Сулайман-Тоого барганымдын себеби мен балдарымды беш айдан бери көрө элекмин. Балдарымды жок дегенде алыстан көрүү аракетин кылып жүрдүм, майнап чыккан жок. Балдарымдын психологиясы да абдан жабыркап жатат. Көрүүнү аракет кылып мектепке барсам, күйөм жалдаган күзөтчү мени жакын жолотпой койду. Кызым «апа келбей эле коюңузчу» деп айтты, көрсө күйөм аларды «апаңар менен көрүшсөңөр мен силерди аябай алыс жерге алып кетем» деп коркутат экен. Мени кышында эч нерсем жок кубалап чыкканы аз келгенсип, эми менин үстүмөн алиментке сотко бериптир. «Мен баарын колго алып койгом, сен эч нерсе кыла албайсың» деп мени шылдыңдап жатат», — деди ал.

Эске салсак, 24-июнда ӨКМге Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине төрт куткаруучу тартылып, алар кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышканы маалымдалган.

Количество просмотров: 8457