• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 39 жаштагы аял кармалды

24 Баш оона 202217:41 Бишкек Govori.TV

Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-августта Ысык-Ата РИИБне Новопокровка айылынын 1978-жылы туулган Ш.О. аттуу тургунунун сөөгү өзүнүн үйүнүн короосунда табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип өлгөн адамдын аялы, 1983-жылы туулган Ш.Ю. кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Кылмыш ичкиликтен келип чыккан уруштун айынан болгондугу аныкталды.

Тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 295