• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көйнөк кийбей келген кызматкерди депутаттар жыйындан чыгарды

16 Үчтүн айы 2019 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды.

Алгач депутат Алмазбек Токторов Тынысовдон эмне үчүн парламентке футболка кийип келгенин сурады.

“Жетекчибиз ооруп калып, мага жыйын боюнча эртең менен эле айтылды. Азыр свитер менен отурам. Футболка эмес. Негизи жетекчибиз келмек”, — деп жооп берди Токторов.

Анын кийимин вице-спикер Мирлан Бакиров да сынга алып, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн аппаратына муну көзөмөлгө алууну тапшырды.

“Кийим-кече жана башкалар боюнча бизде тартип бар. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн аппараты, муну эмне үчүн карабайсыңар? Өкмөттүн өкүлү… Бул жер эмне, базарбы?! Сиз комитеттин чечими боюнча да чакырылгандардын арасында жок экенсиз . Бара берсеңиз болот”,-деди Бакиров.

Бул жыйында Жогорку Кеңеште мектепте 9-класстан кийин окубай калган улан-кыздарды милдеттүү түрдө кесиптик-техникалык окуу жайларында окутуу боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.

Булак” Азаттык

Количество просмотров: 47