Бишкек.30.08.2018.Govori.TV.
31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата көкбөрү боюнча президенттин кубогунун бүгүн финалдык беттеши Ак-Кула ат майданында өтөт. Анда үчүнчү орун үчүн “Сары-Өзөн Рассвет” менен “Шыралжын” командалары ойнойт.
Ал эми биринчи орунга Ысык-Көлдүн “Толкун” жана Талас облусунун “Бакубат-Талас” командалары ат салышат. Үчүнчү орун үчүн мелдештер түшкү саат 13:30да башталса, финалдык оюн 15:00дө болот.
Оюндар Бишкектеги Ак-Кула ат майданында өтөт. Көкбөрү оюндарына чейин ипподромдо ат чабыштын түрлөрү боюнча жарыштар болоору күтүлүп жатат.