Бишкек.24.07.2019.Govori.TV.
Көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Манас Ниязов АКШга чакыруу алды. Ал көк бөрү боюнча Америка курама командасын машыктырууга жардам берет.
«Америкага чакыруу түшкөнүнө көп болгон. Учурда бул сунуштун үстүндө ойлонуп жатам. Эгерде шарттары туура келе турган болсо, сөзсүз макулдугумду берем”,-деп билдирди М.Ниязов.
Кошумчалай кетсек, Манас Ниязов көк бөрү боюнча улуттук курамада, ошондой эле Оштун “Достук” командасында ойноп, көптөгөн ийгиликтерди багындырып келет.