Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.
Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү жана «Бөрүлү» командасынын капитаны Эмил Бекбердинов каза болду.
Бул тууралуу «Бөрүлү» командасынын машыктыруучусу Каныбек Кубатов «Марал» радиосуна билдирди.
Маркум 5-июнда Чүйдүн Сокулук районундагы Бөрүлү айылында жерге берилди.
Эмил Бекбердинов жакында эле 45 жашка чыккан болчу. Ал быйыл 9-Май Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында уюштурулган көк-бөрү боюнча республикалык мелдеште «Тору-Айгыр» командасынын машыктыруучусу болгон эле.