• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто 8 жаштагы баланы сел агызып кетти

12 Бугу 202112:44 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунда 8 жаштагы баланы сел агызып кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акжар айыл аймагындагы 11-май күнү саат 13:20 чамасында Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ошол учурда жеринде кой кайтарып жүргөн 2013-жылы туулган У.А. аттуу баланы сел суулары агызып кеткен. Өспүрүм туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болгон.

Белгилей кетсек, 11-май күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Количество просмотров: 161