• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Көк-Жарда көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттүн себеби такталды

30 Тогуздун айы 2018 10:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.10.2018.Govori.TV
Көк-Жарда көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттүн себеби такталды. Өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан улам келип чыккан. Бул тууралуу Говори.ТВ агенттигине ӨКМдин кызматкери Эльзат Абдраимова кабарлады.
“Көп кабаттуу турак үйдүн 250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы, 3 кондиционер, 22 пластикалык терезе күйгөнү анык болду. Куткаруучулар тарабынан 70 адам эвакуацияланды. Өрттүн чыгуу себеби электр ширетүү иштеринде эреже сакталган эмес”,-деп билдирди Абдраимова.
Өрт толук түрдө саат 5:30да өчүрүлгөн.
Кечээ,29-октябрда Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районунун Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө  АӨКБдан жалпы 2 бөлүм тартылган.

Октябрский район менен Свердловский райондун пожарныйларына рахмаат! Биргелешип иштөөнүн натыйжасында өрттү өчүрүшүүдө

Опубликовано Мурат Надырбеков Понедельник, 29 октября 2018 г.

Количество просмотров: 25