Төлөйкөн ат майданындагы көкбөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып келинди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат.
«Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. Ал эми ооруканга 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар», — деп жазылат маалыматта.
Кошумчалангандай, мындан сырткары 2023-жылдын 31-август күнү саат 18:50 чамасында, “Көк-Бөрү” улак оюнунда Ош облустук тез жардам кызматынын “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелери талкаландыгы боюнча нөөмөт бөлүгүнө кабар келип, маалыматтык электрондук журналына катталган.