• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Көл жээгин бойлогон «Гелендвагендин» айдоочусу табылып, айып пул салынды

11 Теке 2021 12:35 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы Тулпар пансионатынын көл жээгинде жүргөн Гелендвагендин айдоочусу табылып, ага айып пул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

«Ысык-Көл ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери камерадан видеону көрүп, жергиликтүү тургундар менен маектешип, Чолпон-Ата шаарында Mercedes-Benz G500 үлгүсүндөгү автоунааны кармашты. Унаа айып короого жеткирилди. Чүй облусунун тургуну 33 жаштагы айдоочуга карата бейбаштыгы фактысы боюнча протокол түзүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, ЖКККББ кызматкерлери Мамлекеттик экотехинспекциянын жергиликтүү бөлүмүнө бардык керектүү маалыматтарды өткөрүп беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин окурмандар Бостери айылында белгисиз адамдар Гелендваген унаасы менен пляжды айланып, андан сууга да кирип кеткени тууралуу маалыматтарды билдиришкен.

Количество просмотров: 609