• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган. «Бишкек Нефть» компаниясынын ээси кармалды

7 Кулжа 2024 17:00 Бишкек Govori.TV

Маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун «Бишкек Нефть Компаниясы» ЖАКтын май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси Н.А.М. тарабынан каржылоо фактысы аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында Н.А.М. «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбек менен ишкерликти жүргүзүү үчүн колдоо алуу максатында байланыш түзгөндүгү, бул үчүн анын кылмыш ишин бир нече жолу каржылагандыгы жөнүндө далилдер алынды. Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. КР УКМК тарабынан учурда аталган кылмыш ишинин алкагында жогорудагы укукка каршы жосундарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Количество просмотров: 278