Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Т.Ж.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, «Жеша» каймана аттуу шектүү мурда Каракол шаарынын «смотрящийи», Ысык-Көл облусунун «положенеци» катары таанымал болгон.
Мындан тышкары, К.Асанбекти кайтарып жүргөн М.Н.К. уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишине катышкан деген шек менен кармалды. Эки шектүү Караколдо убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.