• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Көлдө ӨКМдин куткаруучулары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат

18 Баш оона 202422:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 19:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналы аркылуу топтолгон суу агып, каналдан ашып кетүү коркунучу жаралган.

Жеринде ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев жетектеген ыкчам топ жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы аталган каналды көзөмөлдөө.

Учурда Чолпон-Ата шаарында абал туруктуу.

Облус аймагындагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү максатында райондук жана шаардык ӨКБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү.

Теги:
Количество просмотров: 267