• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Көлгө түшүп кеткен «Кумтөрдүн» жумушчусунун денеси табылды

16 Бирдин айы 202015:44 Бишкек Govori.TV

Экскаватор менен көлгө түшүп кеткен «Кумтөр» компаниясынын жумушчусунун денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Болжол менен саат 11:00 чамасында ӨКМдин Караколдогу бөлүмүнүн куткаруучулары суудан экскаваторду алып чыгышкан. Экскаватордун ичинде жумушчунун жансыз денеси болгон. Дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жети-Өгүз районунда «Кумтөр» компаниясынын жумушчусу жоголгонун Тurmush басылмасына өздүк булактар билдирген. Окуя кечээ, 15-февралда болгон.

Маалыматка караганда, жумушчу экскаватор менен Петров көлүнө чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары барган. Өздүк булактар билдиргендей, экскаватор көлгө 20 метр тереңдикке түшүп кеткен.

Каза болгон жумушчу Барскоон айылынын 1966-жылы туулган Ж.И аттуу тургуну. Ал көп жылдардан бери «Кумтөр» компаниясында эмгектенип келген. Эки уул, бир кыздын атасы.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 56