• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жамгырчиев: Байсалов парламенттин аброюна шек келтирген сөздөрдү айтыптыр…

21 Кулжа 2023 17:13 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин аброюна шек келтирген сөздөрдү айтыптыр. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев билдирди.

«Кечээ комитетте өз сунуштарымды бердим, ушул менен эле токтотуп коёюн дегем. Тилекке каршы, Эдил мырза жыйындан чыгып алып дагы комментарий берди. Анда парламенттин аброюна шек келтирген сөздөрдү айтыптыр. Ал кишинин деңгээлине түшпөйүн десем менин атым аталыптыр, ошол себептүү сурооңорго жооп берейин. Биринчиден, Баш мыйзамды одоно бузгандыгы. Бүгүн өзүңүздөр көргөндөй төрага баш болгон депутаттар тарабынан Байсалов коомчулукта туура эмес ой-пикир жаратканы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек жана кызмат ордунан алынышы керек деген талап коюлду»,-деди Жамгырчиев.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттар менен болгон кайым айтышуудан кийин Kaktus.media сайтына комментарий берип, төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын, урматтуу депутаттарды абдан сыйлайм. Бирок биз Конституция, эреже, демократиянын мыйзамдары менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Жамгырчиев мени сындап баштады. Ал ким мени урушкандай? Элдин атынан мени менен сүйлөшө албайт. Ошондуктан мен тартипти сурандым. Аткаруу бийлиги эмне кыларын билет. Биз президенттик программаны аткарып жатабыз. Ал эми депутаттар мыйзам чыгарыш керек. Элестеткиле, ар бир депутат бизге ушундай кеңешин берип, анын ар бир чечимин аткарууну талап кылса. Бул аткаруу бийлигинин конституциялык ыйгарым укуктарын узурпациялоо, Баш мыйзамды бузуу!»,-деген Байсалов.

Ошондой эле Байсалов парламент депутаттарынын дарегине бир катар сындарды айткан.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен депутаттар ортосунда кайым айтышуу болгон. Байсалов «Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана экенин» айткан.

Количество просмотров: 61