• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күнүнө 1500 сом таппасаӊар келбегиле… Эки баласын тилемчиликке мажбурлаган энеге иш козголду

11 Жетинин айы 2021 15:56 Бишкек Govori.TV

«Күнүнө 1500 сом таппасаӊар келбегиле…», — деп, эки баласын күндө тилемчиликке жумшаган эненин балдарын мамлекет өз карамагына алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 8 жана 11 жаштардагы эки бала Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү коомдук тамактануучу жайлардын алдында жана тамактануучу жайлардын ичине чейин киришип кайыр сурап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат алышып, текшерүүгө алышкан.

«Текшерүү учурунда аталган факт аныкталган. Милиция кызматкерлери бул эки жаш өспүрүмдү өз бөлүмгө алып келишип, алар менен маектешүү жүргүзүшкөн. Анда жаш балдар апасы аларды күндө таӊдан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлап жаткандыгы, күндө 1500 сом план коюп бергендигин, аны таппаса кечинде урушаарын айтып беришкен.

«Апабыз Надира деген аяш энебизге 80 миӊ сом карыз. Аяш энем күндө акчасын сурайт. Аз акча таап келсек-апабыз дагы, аяш энебиз дагы урушат. Ашканаларга, үйлөрдүн эшиктерин каккылап акча сурайбыз. Биздин тапкан акчага жашайбыз, квартирабыздын акчасын төлөшөт, аяш энем менен апам иштешпейт» деп айтышкан.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жактан коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барышып, эки өспүрүм теӊ мамлекеттин карамагына алынды. Ал эми апасы жана аяш энесинин үстүнөн Кыргыз республикасынын жазык кодексинин 181-беренеси( Жашы жетелекти коомго каршы аракеттерге тартуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 347