Бишкек.10.08.2019.Govori.TV.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына “Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мекенинде селфи”,-деп сүрөт жарыялады.

Эске салсак, 9-августта Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.