Социалдык тармакка тараган милиция кызматкерлеринин мештин жанында жылынып олтурган сүрөтү тарады. Коомчулукта бул сүрөттөн улам ар-кыл пикирлер айтылып, алардын арасында бийликти сындагандар да болду.
Эске салсак, 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өттү.
Жыйын учурунда 4 миңдей тартип сакчылары кызмат өтөшкөн.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышты.