• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн темасы. Гимнди туура эмес ырдаган депутат уятка калды (Видео)

4 Аяк оона 2018 18:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.09.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаевдин КРнын гимнин туура эмес оюнан чыгарып ырдаганы интернетте чоң талкуу жаратты.
Видеодо көрүнүп тургандай «Апрель» телеканалынын журналисти гимнди ырдап берүүсүн суранган. Депутат гимндин сөздөрүн өз оюнан чыгарып, башкача кылып ырдаган.
Пархат Тулендыбаев «Республика-Ата-Журт» фракциясынын алтынчы чакырылышындагы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Улуту уйгур.

Ал эми буга байланыштуу социалдык тармактын айрым колдонуучулары:  мейли улуту уйгур болсун, бирок биздин өлкөнүн депутаты болгондон кийин жаттап алса болмок. Же болбосо, гимндин сөзүн бурмалабай ырдабаш керек эле дешет.
Бул видеого жооп катары ырчы Аскат Мусабеков мамлекеттик гимнди  жаш бала да ырдай ала тургандыгын далилдеп,  өз баракчасына баласынын гимнди ырдап жатканын жайгаштырды.

https://www.facebook.com/askat.musabekov/videos/1660334584089073/

 

Количество просмотров: 33