• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы. Атамбаевдин “акалар” чуусу… Ачкачылык кармагандар араң жан… “Эркетай” Новиковдун тилине корогон 324 миң сом…

13 Бирдин айы 2018 19:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02. 2018. Govori.TV
Оштогу байлардын бири, ИИМдин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев менен экс-депутат Нургазы Айдаровдун Өзбекстандагы таасирдүү спортчу, олигарх,айрымдар крминалга байланыштырган  “Салимбай Байбочча” каймана аты бар Салим Абдувалиев менен бирге тартылган тасмасы күндүн негизги темасына айланды. Анда алар “Салимбай Кыргызбаевич биз менен. Биз буга сыймыктанабыз! Салимбай ака биздин тирегибиз. Салимбай ака тирүү кезинде кыргыздардын тиреги тирүү. Салимбай ака биздин президентибиз Сооронбай Жээнбековду колдойт!” деп Салим акасын кучактап алып катуу макташканын көрүүгө болот.

Коомчулук болсо бул тасманы жипкирүү менен кабыл алып, кыргыз байларынын өзбекстандык адамдын көкөлөтө мактап жатканын саткындык катары баалашты. “Булар бүгүнкү бийликке жакын адамдар, алар өлкөнүн тиреги катары өзбекти көтөрүп жатышса, биз балдарыбызды кантип тарбиялайбыз, бул кыргыз элин сатуу, өлкөнү сатуу…” деген пикирлер туш-тараптан жаап турду. Каармандар болсо эч бир ММКга чыгып, тасма боюнча пикир билдиришкен жок.
Эске сала кетсек, бул Салим Абдувалиевдин кыргыз саясатчылары менен байланышкан алгачкы окуясы эмес. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы аталып, анда аны “Кыргызстан” партиясын колдоп, өзбек туугандардын добушун алып бергени жатыптыр деп жазып чыгышкан. Көрсө, аталган партиянын лидерлеринин бири Шаршенбек Абдыкеримов менен Байбочча чогуу сүрөткө түшүшкөн экен. Бирок, аларды спорт байланыштырып тураары, Салим Абдувалиев Өзбекстандын күрөш федерациясынын президенти, Өзбек Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти экени, Шаршенбек Абдыкеримов болсо КРнын УОКтун Президенти катары иш-чараларда кездешээри такталган соң гана бул бас-бас болгон.
Бийлик билмексен. Бектур Асанов араң жан…
Бүгүн №47-абакта кургак ачкачылык кармап жаткандарга 15 күн болду. Ушул аралыкта бийлик тарабынан бир дагы өкүл басып барып, алардын талаптарын угуп, чара көрүүгө бара алган жок.. Болбосо, илгери Акаевдин, бакиевдин учурунда деле ачкачылык кармап, саясий каршылык көргөзгөндөргө мындай тоңмоюн мамиле жасалчу эмес.

Ал арада бүгүн, ЖКнын депутаттары Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев жана Талант Мамытовдор ачкачылык кармагандар менен жолугушуп чыгышты. Ага чейин эле абал курчуп кеткенин, айрыкча Бектур Асанов оордунан туруп басууга дарманы келбей калганын кечээ анын жубайы айтып чыккан болчу.
“Бүгүн Бектур Асановдун абалы оор экен. Түрмөнүн дарыгерлери анын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин билдиришти. Ошондуктан дарыгерлер саясатчы акциясын токтотпосо кесепети оор болорун эскертишти. Биз да ачкачылыкты токтотушун сурандык. Бирок алар УКМКнын төрагасы Сегизбаевди кызматтан кетирүү боюнча талабы аткарылмайынча ачкачылыкты токтотпой турганын айтышты”, — деди Жанар Акаев.
Ал абактагы саясатчылар жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун акыркы билдирүүлөрүнөн үмүттөнүп турушканын билдирди. Депутат абактагы саясатчылардын абалы боюнча маселе парламентте көтөрүлөрүн да кошумчалады. Бирок, Сооронбай Жээнбеков баштаган бийликтин ээлери эртең эле бир чара коюшу күмөн туудурат.
АКСтин “ажыдаарлыгын” Абдил да моюндады
Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, анда 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин тездетип ишке ашыруу милдеттендирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Президентке коррупция менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана ошондой эле натыйжалуулугун жогорулатуу максатында УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын ишмердигин жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.
Антикоррупциялык кызматтын ишмердиги тыкыр талданып, мамлекет башчысынын Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында айткан сын-пикирлеринин бардыгы эске алынганы билдирилди.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттө Антикоррупциялык кызматтын ишмердигинин форматын ведомствого жүктөлгөн милдеттерди толук аткарып жатабы жана ар бир кызматкери иштеген кызматына ылайык келеби – кайрадан карап чыгуу милдетин койду.
«Бардык кызматкерлер коррупция менен күрөшүүдө кызматтык милдетин жана ролун так түшүнүшү керек. Жөн гана жооп жазуу менен алектенип, көнүмүш адатка салганга болбойт, — деп белгиледи президент. – Сиздер алдыңарга максималдуу бийик милдет коюп, максатка жетишип, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүшүңөр керек.
Президент жана УКМКнын төрагасы ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жана күрөшүү боюнча мындан аркы пландарды талкуулашты.
«УКМКнын алдында олуттуу маселе турат – укук коргоо, сот органдарындагы жана башка мамлекеттик структуралардагы коррупция менен күрөш жүргүзүү. Жыйынтык керек», — деп белгиледи президент.
“Эркетай” Артем Новиковдун тилине эле жылына 324 миң сом коройт
КРнын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик тилди үйрөтүүчү репититор үчүн 324 миң сом бюджеттен сураган. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтынан маалым болду.
Андагы маалыматка ылайык, министрликтин кызматкерлери үчүн 288 миң сом жана жетекчиликти жеке окутуу үчүн 36 миң сом каралыптыр.  Демек, Өкмөт башчы Сапар Исаков министрлер кабинетин бекитип жатканда “Экономика министри Артем Новиковго кыргыз тилин үйрөтөбүз” деп бекер айткан эмес экен. Бийликтин эрке министри кыргыз тилин үйрөнүшү үчүн өлкө жарандарынын таман акы, маңдай теринен чогулган салыктар кызмат кылышы керек тура. Болбосо мындай бюджетти коротуп отурбай эле кыргыз тилдүү мыкты кадрларды деле министр кылсак болмок…
Учурда соцтармактарда бул боюнча катуу нааразычылыктар жаралууда. “Эгер өкмөт Артем Новиковдун кыргыз тилин үйрөнүшү үчүн айына 30 миң сомдон төлөп бере турган болсо, анда башка жарандардын да орус, англис тилдерди үйрөнүүсү үчүн каражат бөлсүн” деген пикирлер жамгырдай жаап турган кези.
Количество просмотров: 29