Бишкек. 15. 01. 2018. Govori.TV
Бүгүн, 15-мартта коңшубуз Казакстандын борборунда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери, Түркмөнстан мажилис төрагасы жолугуп, Борбор Азия мамлекеттеринин аймактык кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Негизинен бул демилге Нурсултан Назарбаевге таандык болгону менен көп жылдардан бери Орусиянын таасириндеги коңшулар өз алдынча мындай жолугушуу өткөрүп, биргелешкен уюм түзүп, жандуу форматта иш алып бара албай келгени маалым.  Бирок, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзеев былтыр Президент болгон күндөн тартып эле “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деген девизди алдыга коюп, Борбор Азиялык мамлекеттерди биримдиктүү болууга, кызматташтыкты күчөтүүгө чакырып келген эле. Бүгүнкү өтүп жаткан жолугушуунун да негизги автору ошол киши экенин, Нураке ачык айтты.
Бир карасаң, бул саммиттин өзгөчөлүгү Орусия президенттик шайлоонун босогосунда турганда, учурдан пайдаланып Борбор Азиялык жетекчилер Путинсиз кызматташууга деле болоорун, бул чөлкөмдө бардыгын Орусия аркылуу гана чече бербей, өз ара ымалага келүү менен эле ички кызматташтыкты өрчүтүп, чоң державасыз экономикалык өнүгүүлөргө биргелешип жетүүнү талкуулап алгысы келгендей сезилет.
Анткени, Орусиянын саясий долбоору болгон Евразиялык Экономикалык Биримдик деген интеграциялык жараянга Кыргызстан менен Казакстан кошулуп, Өзбекстан менен Тажикстан сыртта калып калды. Кирген эки мамлекет деле бул долбоордун азырынча жемишин жеп, жыргап кете элек. Тескерсинче, булардын Тажикстан менен Өзбекстанга товар чыгаруусу, алардан импортту алып кирүүдө кыйынчылыктар жаралып калды. Ушундай учурда Шавкат Мирзеев “аксакалдар, андайды коюңдар, өзүбүз деле жерден боорду көтөрсөк иш болот, “чоң байкеге” эле салмагыбызды сала бербей, же анын жүгүн да моюнга көтөрө бербей, өз алдынчалыгыбызды дагы пайдала жүрбөсөк болбойт”  деп,  муну Нурсултан Назарбаев, Сооронбай Жээнбеков, Эмомали Рахмондор туура түшүнүү менен колдоп алгандай таасир калтырды.
Ошол эле маалда Түркмөнстандын эрке Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Перс булуңуна иш сапарын белгилеп койгонун шылтоо кылып, жыйынга мажилис төрагасын жибергени талкууга жем таштады. Бирөөлөр, канткен менен туш-тарабынан Орусияга байланган бул мамлекет эмнегедир “төркүндөрү”  менен чогулушуудан чочулап, сактанууга өттү деп божомолдоп жатышат. Ал эми чындыгында эле азыр Түркмөнстанда экономикалык-социалдык абал анча жакшы эмес, өлкө өзүнөн чыккан газды сатууга кардар таппай турган чагы. Ал эми Гурбангулынын газына Казакстан менен Өзбекстан, Тажикстан муктаж эмес, Кыргызстанды болсо “Газпром” деген чоң алп каракуш канатына калкалап алган. Ушундай маалда түркмөндөргө туугандыктан биринчи көгүлтүр отко кардар сыйлуу көрүнүп турганын туура түшүнүү керек.
Ал эми жыйынга катышкан биздин Президентке келсек, Сооронбай Шарипович саммитте кошуна мамлекеттин башчыларын аймактагы эң чоң маселе-диний экстремизмге, терроризмге биргелешип күрөшүүгө чакырып өттү. Дин багытындагы иштерди туура алып баруу менен бирге ар кандай чагымчыл диний багыттардан биргелешип арылууга, коопсуздук боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө чакырып, Борбордук Азиянын өнүгүүсү жамааттык негизде болгондо гана өз жемишинин берээрин белгилеп, бул саммиттеги каралган маселлерди калтырып койбой ишке ашырууга белсене кирише турганын да кошумчалады.
Ошону менен бирге эле ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен бетме-бет жолугушуп, эки өлкө ортосундагы достукту, кызматташтыкты чыңдоонун жаңы этабына бет алууга даяр экенин билдирген. Казак тарап да бир катар маселелерди тез арада чечип, соода-сатык алакаларындагы бөгөттөрдү болутрбоого кызыкдарлыгын айтты. Кыскасы, Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатта өзүн токтоо кармап, ким бирөөгө ызырынбай, ким бирөөгө акыл үйрөтпөй, өзүн мактабай эле, салабаттуу саясатчы экенин дагы бир жолу көргөзүп койду. Мурдагы президенттин тушундагыдай “дагы эмне деп ийээр экен” деп коомчулук санаа тарткан жок, саясий бурулуш-кубулуштар да болуп кеткен жок…