• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы. Таалайы тайкы наристелер… “Фильтруй базар” мыйзамдаштырылабы?

12 Бирдин айы 2018 20:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.02. 2018. Govori.TV
Ак кепиндеп, ара жууганга бирөө жок…
Кыргызстандагы балага болгон зомбулук  эл-журттун тарыхындагы жууса кеткис кара так катары кала турган болду. Ооба, дүйнө мамлекеттери сыяктуу эле бизде да балага ыдык көрсөткөн окуялардын аягы өтө аянычтуу бүткөн көрүнүштөр жок эмес. Маселен, ушул жылдын 3-февралында Ош шаардык ооруканасына эсине келбей, оор абалда түшкөн 2 жаш, 8 айлык Бексултан аттуу наристе бүгүн алган жараатынын айынан чарчап калды…
Ооруканадагылар катуу соккудан улам байкуш баланын ич органдары эзилип, мээсинде шишик пайда болгонун айтышып, мындай айоосуз сабалган окуяны мурда-кийин кезиктирбегенин билдирп, катуу кейишке түшүштү. Милиция болсо кыз уулун болгону шымына заара ушатып койгону үчүн катуу сабаганын, баланын атасы менен ажырашып кеткенин, Ошто туугандарынын үйүндө тураарын баяндаган. Кийин болсо кыздын ата-энеси да анын турмуш куруп, балалуу болгонунан кабарсыз экени айтылган. 24 жаштагы келинге  буга чейин “Бейбаштык” беренеси менен Ош ШИИБси кылмыш ишин козгосо, бүгүн ал берене “Адам өлтүрүү” беренесине которулганы маалымдалды. Албетте, кепке-сөзгө эми түшүнүп келе жаткан кара курсагы менен оюндан башка эч нерсе сурабаган чырактай баласын темир депкир менен башка-көзгө койгулаган боору таш, акылы тайкы келинген кандай жаза берсе да аздык кылаар. Бирок, баарынан кейиштүүсү чымчыктай жаны көккө учкан Бексултандын чыканактай денесин ак кепиндеп, аруу жууп, тердиктей жерге көмүүгө энесинин эч бир жакыны макул болбой, жаа боюу  качканына эмне дейбиз?
Бексултанды Ош шаардык социалдык өнүктүрүү кызматынын кызматчылары жерге берди…
Жол кырсыгы жетээр жерине жетти… Же апасынан айрылган наристе бутунан да ажырады…
Кыргызстандын калкы жол кырсыктарынан эле боо-боо түшүп кырылып калмай болду. жыл сайын жол кырсыктарынын кесепетинен  адам өлүмдөрү арбып бара жатат. Өкмөт болсо мунун чечүүнүн жалгыз аргасы катары ”Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууда деп бул жагы Кытай, ары жагы Араб мамлекеттеринде чуркап жүрөт. Бирок, аталган долбоор ишке ашканга чейин да кандайдыр бир аракеттерди көрүп, бүт бийлик горизанталын мындай кой, калк өзү чыгынып чыкпаса болбой калды…
Бүгүн ошол жол кырсыктарынан улам келип чыккан аянычтуу окуя уккан жандын жүрөгүн тилүүдө. Тагыраагы, 12-февраль күнү Бишкектин Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй бараткан “Мерседес” унаасы Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден “Тойота” унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон “Мерседес” жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, баласы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Ооруканадагылар ошол апасынан эрте ажыраган кыздын саламаттыгын сактап калууга абдан аракет кылышкан, бирок, кырсык өз акысын алды… Тажрыйбалуу врачтар жабыла жардам бергени менен наристенин бир бутун сактап калууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Консилиумдан кийин 2 жашка али толо элек наристенин бир бутун кесүү анын калган өмүрүн сактап калууга өбөлгө болоору чечилген… Алар муну жасап, наристенин өлүмдөн сактап калышты…
Бул албетте, Кыргызстанда жол коопсуздугу кызыл чектен ашып түшкөнүн, улуттук маселеге айлангандыгынын дагы бир белгиси. Ушундай адам чыдагыс азаптар болуп жатканда жол эрежесин бузгандардан пара алып, жол кырсыгын жасагандарга жеңил жаза берип жаткан орган кызматкерлерине айтаарга сөз таба албайсың…
Фильтруй базар!
Парламенттеги социалдык маселелер боюнча комитет КСПДнын депутаты Дастан Бекешов демилгелеген Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү кийирүү  боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул долбоордун мааниси социалдык түйүндөрдөгү жарандардын пикирине чек коюу болчу. Ал эми демилгечи болсо мыйзамын ММКлардагы жана соцтүйүндөрдөгү адамдардын кадыр-баркына, беделине шек келтирген маалыматтарды алдын алуу жана аны төгүндөөнү эрежелештирүү деп түшүндүрөт.
Анда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко бул демилге кооптуу экенин айтты.
«Учурда реалдуу жашоодо баары биз ойлогондой болгон жок. Учурда жарандар кеңири өз оюн айткан жалгыз эле интернеттеги социалдык түйүндөр калды. Ошондуктан мен сиздин сунушуңуз менен макул эмесмин. Бул өтө кооптуу. Бул мыйзам айрым учурда башка саясий кызыкчылыктар үчүн иштеп кетиши мүмкүн. Биз кош стандарттуулукка да күбө болуудабыз», — деди Никитенко.
Долбоор талкууланып жатканда депутат Аида Касмалиева  компенсациянын 20 миң сом деп өлчөнүшү кайдан алынганына кызыкты. “Компенсациянын көлөмүн 20 миң сом деп кантип өлчөдүңөр? Ал эми өлкөдөгү эң аз жашоо-тиричилик талабын эске алдыңарбы? Бизде көпчүлүк жарандар үчүн 20 миң сом деген өтө чоң сумма, жарандар буга жетпей жүрүшөт…Ал эми миллиондогон доолорчу?”-,деди эл өкүлү.
Ага болсо Дастан Бекешов: “Бул боюнча Алмаз Атамбаевге кайрылгыла, ошол туура болот. Ал турсун Жогорку Сот кээде рамкадан чыгып кетип жаткан учурлар бар”,-деп жооп узатты.
Акыры аталган мыйзам долбоору комитеттин колдоосун таап, ЖКнын жыйынына алып чыгыла турган болду. Бул албетте өтө кооптуу мыйзам. Кыргызстанда мактана турган бирден бир жалгыз таянганыбыз сөз эркиндиги болчу.  Тилекке каршы, бул мыйзам кабыл алынса, биз анын да түбүнө жетебиз. Биздин бийликтегилер миллиондогон доллар коррупцияга батышат, кааласа мамлекеттин мүлкүн, менчигин сатышат, элдин эсебинен чогулган бюджетти каалагандай калчап, өздөрү да өөнөп жыргашат. Бирок, сын айткандарды баса калганга, чындыкты билдиргендерди камай салганга маш! Демократиялык коомдон акырын кайтып баратабыз…
Количество просмотров: 33