• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: 14 жашар кызды зордуктап, өлтүргөндөргө өкүм чыкты. Жер саткан депутаттар кармалды

1 Жалган куран 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

МЭР МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН КУРДУ

Коомдук транспорттун жол акысы азырынча көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында айтты.

Жыйында таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы чехиялык компания кура турганы белгилүү болду.

Мындан тышкары Абдыкадыров ыш маселесин чечүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бир жылдык ишинин жыйынтыгы менен тааныштырып, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берүү менен журналисттердин суроолоруна жооп берди.

ДЕПУТАТ КОРТЕЖДЕРДИ ЧЕКТӨӨНҮ СУНУШТАДЫ

Депутат Тазабек Икрамов борбор калаадагы тыгындарды жөнгө салуу үчүн жетекчилердин кортеждерин чектөөнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бишкекте кортеждер өткөн учурда жол тосулганына байланыштуу чоң тыгындар жаралууда.

Бишкекте президент жана бийликтин башка бутактарынын жетекчилери жумушка кетип жаткан учурда күч органдары айрым жолдорду тосуп салганы коомчулукта дайыма сындалып келген.

Ал эми Бишкекте соңку жылдары автомашина көбөйгөндүктөн эртең менен жана кечкисин, айрыкча суук түшкөндө унаа тыгыны көйгөйгө айланууда. 

ЖК ИМАНАЛИЕВДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН ЖАКТЫРДЫ

Бүгүн, 1-мартта парламент жыйынында Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралды.

Жыйында Иманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип, айрым маселелерди чечүү жолдору тууралуу эл өкүлдөрүнүн сунуштарын укту. Депутат Адахан Мадумаров талапкерден мектептерде ата-энелерден акча чогултууну кантип токтоторуна кызыкты.

“Эгер каржы булагы жок болсо, убада бере албайм” деген Иманалиев беренелерде каралбаган бюджеттер бар экенин, аны мектептин директору чече албай турганын айтты. Ошол үчүн ата-эне ыктыярдуу түрдө акча берсе болорун кошумчалады.

Ал эми депутат Балбак Түлөбаев Иманалиевге кайрылып, «убагында жасаган кайрылууңуз боюнча Ысык-Көлдүн аксакалдарына азыр эмне деп айтасыз, кайрылып койбойсузбу» деген пикрин айтты.

Эске салсак, 2020-жылы президенттик шайлоо учурунда болгон маалымат жыйында президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы айтылган. Маалымат жыйын учурунда ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Ысык-Көлдүн аксакалдарына кайрылуу кылган. Анда Иманалиев “Ысык-Көлдүн аксакалдары, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Көлгө алып кетпейсиңерби! 2 жыл губернатор болуп иштесин. Өссүн, өнүксүн. Анан келип өкмөт башчы болсун” деген болчу.

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз саткан айылдык кеңештин депутаттары кармалды. Атайы кызмат тарткан маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин Алдамчылык беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкелерин алуу үчүн мурда алынган акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Ноокен айылдык кеңешинин эки депутаты кармалды. Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылып алынды.

Такталгандай, кармалган адамдар, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтерди жасоо жолу менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган.

Азыркы учурда тергөө органдары бул коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп жатышат.

14 ЖАШАР КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн кыздын өлүмү боюнча шектүүлөргө өкүм чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот шектүүлөрдүн бири 10 жылга кести. Дагы бир шектүү күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Эске салсак, 2022-жылдын 4-сентябрында саат 15:25тер чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү туннелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Халмион айыл аймагынын 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 25, 27 жана 24 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан көп өтпөй төртүнчү шектүу кармалган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

Окуя боюнча президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, окуяны көзөмөлүнө алганын билдирген.

ӨЗҮНӨ ӨРТ КОЙГОН ЖАРАН КӨЗ ЖУМДУ

Бишкек шаарында өзүнө өрт койгон жаран каза болуп калды. Бул тууралуу маалыматты саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

28-февралда Бишкекте жаш жигит өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Кырсык Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргыз-Орус Славян университетинин алдында болгон.

Свердлов райондук милициясына өзүнө өрт койгон жаран тууралуу маалымат 15:50дө келип түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, алдын ала аныкталгандай, белгисиз жаран өзүн-өзү өрттөгөн. Окуя жерине тез жардам чакырылып, жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген.

Аталган факт каттоого алынып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жаткан.

Количество просмотров: 986