• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча иш сотко өтөт. Көрнөк-жарнактардагы каталар качан жоюлат?

13 Аяк оона 2022 18:00 Бишкек Govori.TV


14 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин башчысынын орун басары 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, күбөлөрдү тактоо боюнча иштер жүрүп жатат. Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районундагы сел өтүүчү туннелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Халмион айыл аймагынын 14 жаштагы К.А. аттуу тургунунун сөөгү табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 25, 27 жана 24 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин төртүнчү шектүү кармалган. Окуя боюнча президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, окуяны көзөмөлүнө алганын билдирген.

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАТЫШКАН КЫЛМЫШТАР

Милиция кызматкерлери аралашкан окуялар коомчулукта катуу талкуу жаратып келет. Быйыл жыл башынан бери тартип сакчылары аралашкан 40тан ашуун кылмыш катталып, 60тай кызматкерлер жазаланды.

МИНИСТРГЕ КЫЛМЫШ АЧЫЛДЫ

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча журналисттерге комментарий берип, корко турган эч нерсеси жок экенин жана качпай турганын билдирди. Бекмурзаев бир жумадан кийин бул боюнча өзүнчө маалымат жыйын өткөрө турганын кошумчалаган. Кийинчерээк кылмыш иши козголгон министр оорукананга жатып калганы айтылды. Маалымат каражаттарынын кабарына ылайык, Бекмурзаев микро инсульт алган.
Эске салсак, Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш иши козгогон. 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген. Мындан сырткары министр Бекмурзаев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, «Теплые ключи” саламаттыкты чындоо комплексинин объекттерин оңдоодо жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген», — деп жазылат мекеме тараткан маалыматта. Кошумчалай кетсек, ушул жылдын июль айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бекмурзаевге оозеки эскертүү берген.

АБДУЛЛАЕВГЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Улуттук коопсуздук комитети камактагы ишкер Журат Абдуллаевдин кылмыш ишине байланыштуу маалымат берди. Анда мыйзамсыз курал сактоого шек саналган бизнесмен «айыбын мойнуна алганы, соттун чечими менен 100 миң сом айып пул салынып, 800 миллиондон ашык сому мамлекетке чегерилгени» айтылат.

КӨРНӨК-ЖАРНАКТАГЫ КАТАЛАР КАЧАН ЖОЮЛАТ?

Кыргызстанда жарнамалар, көчөдөгү жазуулар мамлекеттик тилде көбүнчө ката жазылып жүргөнү сынга алынып келет. Бакыйган тактада ката жазылган жазууларды көргөндөр «кыргыз тилинде ушундай айтылат турбайбы» деген ойго келиши да мүмкүн. Тил саясатын жөндөгөн мекемелер бул жаатта иш алып барып жатабыз дегени менен кыргыз тилине дале жетиштүү көңүл бурулбай жатканы айтыла калат. Айрымдар кыргыз тили көрнөк-жарнактарда гана эмес бардык тармактарда баш аламан колдонулуп жатканына капа.

Количество просмотров: 404