• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Күндүн ыргагы: 27 милиционер вирус жугузду. Лейлектеги селдин чыгымы 70 млн. сомго чамалады

4 Бугу 2020 21:46 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 35 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Муну менен катар эле Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 11 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Ал эми Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын ичинен алтоо реанимацияда жатат. 47 бейтаптын абалы орточо оор. 185 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Мындан тышкары, жалпысынан 27 укук коргоо органдарынын кызматкеринен аталган илдет табылган. Анын айтымында, буга чейин 20 кызматкери коронавирус жуктурган.

ЛЕЙЛЕКТЕГИ СЕЛДИН КЕСЕПЕТИНИН  ЧЫГЫМДАРЫ ЭСЕПТЕЛИНДИ

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлектеги сел жүргөн аймактарга барды. Мадумаров селдин кесепетинен бузулган турак үйлөрдү, имараттарды көрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, селдин кесепетинин чыгымы 69 млн. сом деп эсептелди. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бергени маалымдалды. Бирок азырынча жабыркагандарга кандай жардам болоорун айтыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайларда сел жүргөн. Аталган аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ПРЕЗИДЕНТТЕРИ СҮЙЛӨШТҮ

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жээнбеков Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамба кырсыгына байланыштуу Мирзиёевге колдоо сөздөрүн айткан. Ошондой эле президенттер коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашкан.

КОРОНАВИРУС БИШКЕКТЕ

Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны эң жогору бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамды түзөт. Ошондой эле вице-мэр Бишкек мэриясы 11-майда өзгөчө абал режими алынгандан кийин да автомашиналардын жана адамдардын жол кыймылына айрым чектөөлөрдү калтырууну көздөп жатканын айтты.

БИШКЕК-КАРА-БАЛТА ЖОЛУНДА ҮРӨЙ УЧУРГАН КЫРСЫК

Бишкек — Кара-Балта жолунун Александровка айылында жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 4-майда, катталган. Анда Газ-53 унаасын 24 жаштагы айдоочу башкарып бара жатып, Дэу Нубира унаасы менен сүзүшкөн. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 390