• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Абак алмаштырган Атамбаев. Ырынан чыры көп профсоюзчулар

4 Үчтүн айы 2021 17:56 Бишкек Govori.TV

РЕФЕРЕНДУМ БОЮНЧА 3 БАГЫТТА ҮГҮТ БАШТАЛДЫ

Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумга карата үгүт жүргүзө турган 15 топ катталды. Алардын ичинде президенттикти жактагандар да, парламенттик системаны колдогондор да, экөөнө тең каршылар да бар

ШАЙЛООГО КАНЧА БЮЛЛЕТЕНЬ ДАЯРДАЛДЫ?

Президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдумда добуш бериш үчүн азиздерге Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалды. Президенттик шайлоонун бюллетени ак, референдумдун бюллетени көгүш түстө болот. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендерди аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберди. Жалпы 3 567 138 бюллетень даярдалды.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

4-январга карата Кыргызстанда дагы 83 кишиден коронавирус аныкталып, бир бейтап көз жумду. COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81 388 адамды түздү. Анын 76 728и сакайганы айтылды. Соңку бир күндө 165 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

АТАМБАЕВ БАШКА АБАККА КОТОРУЛДУ

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №47 абакка которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев Govori.TVга билдирди. Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында №47 колонияга которулган. Маалыматка караганда, Атамбаевдин кан басымы жана башка оорулары бар.

ПРОФСОЮЗДАР ҮЙҮНДӨ КАЙРАДАН ЧЫР ЧЫКТЫ

4-январь күнү Кесиптик кошуундар үйүнө белгисиз адамдар тобу келип, Сагынбек Бозгумбаевди төрагалык орунду бошотуп, чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Алар Бозгумбаевдин өзүнө жана анын тарапкерлерине кол көтөрүүгө чейин барышканын, ортого милиция жана коопсуздук кызматкерлери түшкөн.
Натыйжада патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери эки тарап болуп жаалдашып жаткан топтун урушунан Бозгумбаевди сыртка алып чыгууга аргасыз болушкан.

3D КАРТА ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин камтыган 3D карта иштелип чыкты. Бул тууралуу аталган сайтты түзгөндөрдүн бири Максат Конушалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, 3D карта Туризм департаментинин сайтында жайгашкан. Өзгөчө карта менен менен чет элдик туруисттер менен ар бир интернет колдонуучу Кыргызстандын кооз жерлерине аталган картанын жардамы саякаттай алышат.

Количество просмотров: 796