• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Абакта ачкачылык жарыялагандар президентке кайрылды. УКМК мурдагы вице-мэрди кармады

16 Бештин айы 2022 17:45 Бишкек Govori.TV

70 СТУДЕНТ АЖОДОН СТИПЕНДИЯ АЛДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда республиканын жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды. Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, Өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү жаштарды колдой турганын айтты. Белгилей кетсек, быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 70 студент президенттик стипендиат болушту.


АЧКАЧЫЛЫК КАРМАГАНДАРДЫН АБАЛЫ

Кемпир-Абад иши боюнча «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Таалайбек Мадаминов 15-декабрдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков ачкачылык кармагандар менен байланышканын жана алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирген. Массалык башаламандык уюштурууга даярданууга шектелип жаткандар дын ичинен 19 адам ачкачылык жарыялаганына бүгүн эки күн болду. Алар камактагы айымдарды үй камагына чыгаруу талабын айтышууда. Ушул өңдүү талап камтылган кайрылуусун президент Садыр Жапаровдун дарегине жолдошкон.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Алардын ичинен 19 киши соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан. Камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон. 23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн.

ЭКС-ВИЦЕ-МЭР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2019-2021-жылдар аралыгында “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу үчүн, ишканадан көп өлчөмдө бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгарып турганы аныкталган. Ошондой эле тергөө “Бишкексветтен” 2 млн. 300 миң сом уурдалганын тактаган. 2016-2019-жылдары “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксат берүү жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошуудагы мыйзамсыз иштеринен “Бишкекжылуулукэнерго” 31 млн. сомго жакын зыян тарткан. Бул коррупциялык иштер болгон учурда муниципалдык эки ишкананы кармалган адам жетектеп турган. Ал кийин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын да аркалаган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызмат анын толук аты-жөнүн жарыялаган жок. Бирок УКМК тараткан инициал Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Абдылдаев Алимбек Анарбековичтин аты-жөнүнө туура келет.

ТАЛАПКЕРЛЕР ТАНДАЛДЫ

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине үч талапкер тандалды. Алар: Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жоодар Сайдилкан,«Шумкар» логистикалык компаниясынын жетекчиси Авазбек Керимбаев. Талапкерлер үчүн Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү тарабынан атайын шайланган делегаттар добуш берет. Шайлоо 19-декабрда Соода-өнөр жай палатасынын имаратында өтөт. Талапкерлердин программасы менен палатанын сайтынан таанышууга болот. Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келди.

БАШКЫ БАЛАТЫ КАНДАЙ КООЗДОЛДУ?

Бүгүн, 16-декабрь, саат 18:30да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту жанат. быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулган. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилген. Бишкек шаар мэриясы жаңы жылга карата борбор калааны жасалгалоого канча каражат сарпталганы боюнча маалыматт бере элек. Өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери ноябрь айынын аягында башталган. Эске салсак, Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого былтыр 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшала турганы кабарланган. Бул сумма 25 метрлик балатыны жасалгалоого, андан тышкары, «Ала-Тоо» аянтынын айланасында кооздоого жумшалган.

Количество просмотров: 922