• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Абактагы активист ооруканага түштү. Ошто дагы бир мыйзамсыз тоннель табылды

10 Бирдин айы 2023 17:51 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ: 12 МЛН ЧОГУЛДУ

Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык келин каза болгону тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта ал келин жашаган аймакта куткаруу иштери уланып жатат, аны менен байланыш жок болууда, Антальядагы Башкы консулдуктун жетекчилиги жана кызматкерлери азыр ошол жерде жүрүшөт. Буга чейин Хатай провинциясында Кыргызстандын бир жараны каза тапканы, хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганы 9-февралда маалымдалган. Элчи Руслан Казакбаев өлкөнүн Түркиядагы өкүлчүлүктөрү жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерин улантып жатканын билдирди. Бул арада жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 12 млн 350 миң сом чогулганын Финансы министрлигинен кабарлашты.
Эске салсак, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 10-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Соңку маалыматка караганда, Түркияда мерт болгондор 20 миңден ашты. Жер титирөө болгон аймакка 75 өлкөдөн 6479 куткаруучу топ келди.

КУРУЛУШТАРДЫН САПАТЫ ТАЛКУУДА

Түркия менен Сириядагы болгон табигат кырсыгы Кыргызстандыктарды дагы сестентип койду. Анткени айттырбай келген апаат өлкөдө болуп калса, кандай болот деген коркунуч пайда болду. Бул жагдайдын алуу үчүн Кыргызстандын кайсы аймагында такыр курулуш салса болбой турганы айтылды. Кыргызстанда майда барат жер титирөөлөр байма-бай болуп турат. Айрымдарын байкоого деле мүмкүн болбойт. Анткен менен алдын-ала кам көрүп коюу, жоготуу тобокелдигин азайтат. Бул багытта кандай кадамдар аткарылышы керектигин тиешелүү тармактын адиси айтты. Өлкөдө бир жылдын ичинде 9586 жолу жер титирөө болгон. Анын ичинен 4,5 баллдан жогорку учуру 183 ирет болгон. Үстүбүздөгү жылдын январь айында эле 800дөн ашуун жер титирөө болгон. Жердеги топтолгон энергиянын майда барат жер титирөө аркылуу чыгып кетип турганы жакшы. Топтоло берсе коркунучтуу апаатка алып келиши ыктымал.


АБАКТАГЫ АБЫЛОВ ООРУКАНАГА ТҮШТҮ

Абактагы Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин төрагасы Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталга жаткырылды. Анын жактоочусу Эркин Булекбаев маалымдагандай, бир канча күндөн бери саламаттыгы жакшы болбой жаткан Абылов ооруканага 7-февралда түшкөн. Ага Дүйшөмбү же шейшемби күнү операция жасалат. Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган. Ушул тапта 29 кишинин 26сы тергөө абагында, үчөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда крим чөйрөсүндө «Женго» деген кайманы ат менен белгилүү Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү жана анын шериктери кармалды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган адам Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.
Ал Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

МЫЙЗАМСЫЗ ТОННЕЛЬ ТАБЫЛДЫ

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жашыруун тоннел табылды. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кабарлагандай, мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы чаралардын алкагында Ош облусундагы Кара-Суу районунда чек арага жакын аймактагы үйлөрдүн биринен тоннел табылды. Анын эни 1,5 метр, туурасы 80 сантиметр, ал эми жалпы узундугу 200 метр болгон жана ичинде тепкичтер курулган. Бул фактыны тергеп-иликтөө уланып жатат.Эске салсак, өткөн жылы Кара-Сууда аткезчилик үчүн эки өлкөнү байланыштырган жер астындагы жашыруун жайлар табылган.

4 ЭМ ТӨРӨЛДҮ

Бүгүн, 10-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө төрт эм төрөлдү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 29 жаштагы келин 1 уул жана 3 кызды жарык дүйнөгө алып келди.
Дарыгерлердин айтымында, эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Кыргызстанда соңку жылдары жаңы төрөлгөндөр үчүн мамлекеттин эсебинен 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөнүүдө.

Количество просмотров: 595