• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Абактагылардын жакындары ажого жолуга албай жатат. Курултайдын мыйзамдуулугу талкууда

23 Бештин айы 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТ СОТКО ДАТТАНДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Элдик курултай мыйзамсыз өттү деп Конституциялык сотко даттанды. Бул туурасында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катчылыгы билдирди. Мадумаров кечээ, 22-декабрда, Конституциялык сотко президенттин 15-августтагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жана 28-сентябрдагы «Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыктарын конституциялык эмес деп табуу жөнүндө сунуштама берген. Белгилей кетсек, «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун жыл башында Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Мындан улам президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, аны өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп Бишкекте Курултай өткөн.

ЖАПЫРТ КАМАЛГАНДАР

Бүгүн, 23-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 25тен ашуун кишинин жакындары өкмөт үйүнүн алдына барып, президент Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышты. Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 25тен ашуун кишинин 15си ачкачылык кармап, айрымдарынын наар албай жатканына 10 күнгө чукулдады. Алар соттун чечимине нааразы болушууда. Саясатчы Азимбек Бекназаров менен журналист Айданбек Акматов ден соолугунан улам ачкачылыкты токтотту. Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканы маалымдалган.

САСЫК ТУМОО: БАЛА ЧАРЧАП КАЛДЫ

Бишкекте жүрөгү оорулуу бала сасык тумоо менен ооруканага түшүп, чарчап калды. Маалыматты Govori.TVга Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты. Маалыматка караганда, окуя 22-декбарда болгон. « Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бала вирустук инфекциянын белгилери менен өтө оор абалда түшкөн. Бала курч респиратордук вирустук инфекциясы менен жаткырылган. Баланын тубаса жүрөк кемтиги болгон жана буга чейин ага операция жасалган. Вирустук инфекция жүрөк-кан тамыр системине таасир эткен», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнү мындан эки апта мурда байкалган. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти соңку бир аптада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция 44 миңден ашык кишиден аныкталганын билдирген. 20-декабрда аталган мекеме мектептердеги карантиндин мөөнөтүн 30-декабрга чейин узартууну сунуштады. Расмий маалыматка ылайык, соңку бир күндө өлкөдө сасык тумоо менен ооруган 6,5 миңден ашык учур катталды. Департамент балдар арасында ооругандар көбөйүп жатканын эскертти.

БИШКЕКТЕ МИТИНГ ӨТТҮ

Бишкектеги Горький паркында оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат берүүнү талап кылган жарандар акцияга чыгышты. Алар өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен президентке кайрылды. Кыргызстанда оң рулдуу унааларды ташып келүүгө 2015-жылы тыюу салынган. Өкмөт мындай автоунаалар жол кырсыгынын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын жүйө келтирген. Акыркы убакта техникалык абалы начар унаалар көбөйүп, экологияга кесепетин тийгизип жатканын айтып, оң рулдуу машинелерге уруксат берүү талабы көп айтылып жатат.

ОНЛАЙН ОКУУНУН МӨӨНӨТҮ УЗАРДЫ

Бишкектин мектептеринде онлайн окутуу режиминин мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылды.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, буга борбор калаада сасык тумоого байланыштуу түзүлүп турган эпидемиологиялык кырдаал себеп болууда.
Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстанда мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн болчу. Кышкы каникул быйыл мектептерде 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат, үчүнчү чейрек 11-январда башталат.

Количество просмотров: 644