• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Айыл чарба министри алмашты. Бишкекте ыш азайдыбы?

25 Бештин айы 2023 18:28 Бишкек Govori.TV

АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ АЛМАШТЫ

Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп кайра түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 25-декабрда кол койгон жарлыгында жазылды.

Малыматка ылайык, министрдин милдетин аткаруу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге жүктөлгөн. Аны кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилгени белгиленет.

Кошумчалай кетсек, бүгүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Садыр Жапаров 25-декабрда дагы бир жарлыгы менен Министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүү киргизди. Жарлыктын негизинде мамлекет башчынын токтому менен Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын базасында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Агенттиктин карамагына кызматкерлер, бюджети, материалдык-техникалык базасы, тиешелүү филиалдары, функциялары да өткөрүлөт. Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына берилет.

СОЙКУЛУК МЕНЕН КҮРӨШ

Бишкектин Биринчи май районунун акими менен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынды. Бул тууралуу төрага Камчыбек Ташиев УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда билдирди.

«Аталган иштердин алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана Биринчи май районунун акими кызматынан бошотулду. Он милиция кызматкерине, мэрияга жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлдү», — деген Ташиев.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов. Ал эми райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тилек Тукебаев болчу.

КҮРӨӨКАНАЛАР ТЕКШЕРИЛЕТ

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын айткан.

Ташиев “анткени насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгы айтылды” деген.

АКТИВИСТ КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаардык соту мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековду камакта калтырды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 25-декабрда кабыл алынды. Ал 2024-жылдын 7-февралына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында болот.

Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

БИШКЕКТЕ ЫШ АЗАЙДЫБЫ?

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Бишкекте ыш азайганын айтты.

Түлөбаев кара түтүн боюнча коркунуч Ош шаарында болуп жатканын кошумчалады.

Бишкек соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарына кошулуп келет. Адистердин айтымында булганган ыш аба адамдын дем алуу органдарын жабыркатып, ден соолугна терс таасирин тийгизет.

МЕКТЕПТЕ АКЧА ЧОГУЛТУУ БОЛБОЙТ

Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 25-декабрда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

Анын айтымында, мектептин күнүмдүк муктаждыктарына — бор, чүпүрөк, кагазга бюджеттен 50 млн сом бөлүндү.

Президент Садыр Жапаров быйыл май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген.

Количество просмотров: 262