• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ак үй курчоосуз калды. Бабанов Жапаровду колдоп, шайлоого барбайт…

6 Жетинин айы 2020 17:55 Бишкек Govori.TV

АК ҮЙДҮН ТОСМОСУ АЛЫНДЫ

Бүгүн, 6-ноябрда Ак үйдүн имаратынын айланасындагы тосмолор алынды.  4-ноябрда депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганда Ак үйдү айланта курчалган тосмону алып салууну сунуштаган.

ЖАПАРОВ АК ҮЙДӨ ОТУРБАЙТ

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ак үйдүн имаратын Жогорку Кеңештин балансына толук өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ак үйдүн айланасындагы тосмону алуу учурунда төрага Талант Мамытов билдирди.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 6-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 UO7.1 жана пневмония UO7.2 дагы үч кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун баары Бишкек шаарында катталды. Вирус 439 кишиден лабораториялык жол менен расмий аныкталды.

МЭРИЯДАГЫ БАШКАРМАЛЫКТЫН МУРУНКУ ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку башчысын кармашты. Ө.С. бала бакчанын курулушунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

25 МЛН. СОМДУК ТОВАР КАРМАЛДЫ

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз түрдө 25 миллион сомдук уюлдук телефон аппараттарын чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

БАБАНОВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙТ

«Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал бүгүн билдирди.

Количество просмотров: 488