• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Акаев акталды. «Женго» кармалды

13 Үчтүн айы 2023 19:11 Бишкек Govori.TV

АКАЕВДИН КЫЛМЫШ ИШИ КЫСКАРТЫЛДЫ

Мурунку президент Аскар Акаевге Кумтөр кенине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши УКМК тарабынан кыскартылган. Буга кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиги жүйө келтирилди.

Белгилей кетсек, Кылмыш ишинин алкагында Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү боюнча айып тагылган.

Эске салсак, мурунку президент 2021-жылы 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген.

Акаевдин кылмыш ишинин кыскартылуусу тууралуу коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Феликс Кулов бул боюнча өзүнүн пикирин социалдык баракчасы аркылуу билдирип, “доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти токтотуу реабилитациялоочу негиз болуп саналбайт” деди.

МАЙЛУУ-СУУГА “ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ” РЕЖИМИ  КИРГИЗИЛДИ

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Ал эми суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 жылуулук электр станцияларында жылуулук системасынын иши токтогон.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызматтар шаар башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте сууну дарыядан алып, толуктоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Азырынча шаарга жылуулук берүү калыбына келе элек.

 “ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК” ГЕЗИТИ “КАКТУС.МЕДИАНЫ” СОТКО БЕРДИ

“Вечерний Бишкек» басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу Kaktus.media басылмасын сотко берди. “Биринчи май райондук сотуна арыз берүүгө «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана кызматкерлеринин жумуштан айдалган тууралуу макала себеп болгон. Келтирилген доонун суммасы – 50 миллион сом», — деп билдирди Kaktus.media.

Ал эми «Вечерний Бишкек» Kaktus.media сайтына чыккан «Вечерный Бишкек» гезити 1-январдан тарта жабылды. Басылманын чыкканына 49 жыл болду» деген темадагы макалада басылманын жабылышы жана банкрот болгону боюнча туура эмес маалымат берилген деп эсептейт.

Макаланын аталышында чындыкка дал келбеген маалымат берилгенин, басылма жабылбай эле ишмердүүлүгүн улантып жатканын билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту басылманын арызы 11-январда түшкөнүн маалымдады.

ОПЕРАТОР ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Журналист Санрабия Сатыбалдиева менен бирге кармалган оператор Калыс Аширбаев үй камагына чыкты.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, Аширбаев 27-февралга чейин үй камагында болот.

Эске салсак, Аширбаев 4-ноябрга караган түнү кармалган. Ал эми Сатыбалдиеванын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген. Ал эч жака кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист Санрабия Сатыбалдиева «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

«ЖЕНГО» КАРМАЛДЫ

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, бир жаран көз жумду, дагы бири Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Мындай маалыматты Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

УКТ мүчөлөрүнө кол салуу болгону видеого да түшүп калган жана ал социалдык тармакка тарады.

Милициянын маалыматына караганда, 13-январга караган түнү Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын 1993-жылы туулган жаранды белгисиз бирөөлөр сабап кеткен. Ал алган жаракатынан каза болду. Ошол эле түнү Оштун 1995-жылы туулган жараны бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Аталган факты боюнча шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалды. Бул кылмышка түздөн түз катыштыгы бар дагы 3 жаран изделүүдө.

Количество просмотров: 248