• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ала качууга дуушар болгон кыздын тагдыры тамашага айланды, ким жоопту?

9 Тогуздун айы 2019 19:32 Бишкек Govori.TV

Батукаевдин ишине кимдин кандай салымы бар экенин бир гана сот аныктай турганын айтат.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берилген. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна кимдин кандай салымы бар экенин бир гана сот аныктай турганын айтат.

Эске салсак, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече атка минерлерге айып коюлган.

Кылмыш иши тамашага айланды
16 жашаар кызды өзүнөн бир топ улуу эркекке ала качып келгени тууралуу видео социалдык тармакка тарагандан бери ар кыл пикирлер айтылууда.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары да пикирлери менен бөлүштү.
Ал эми бүгүн талкуу жараткан видео тууралуу социалдык тармакка колдонуучу тарабынан кайрылу тарап, анда «видео тамаша иретинде тартылган, туура кабыл алыңыздар» деп айтылган. Көп өтпөй бул билдирүү да талкууга алынды.

Количество просмотров: 2012