• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаевдин күнү Жапаровго түштүбү? Бабанов менен Ташиевдин тиреши

15 Үчтүн айы 2021 18:19 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

15-январга карата Кыргызстанда дагы 134 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 857 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 715и сакайды. Соңку бир күндө 152 адам айыкты.

АТАМБАЕВДИН АБАЛЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин омурткасынын эки жеринен грыжа аныкталганын, жүрөгүндө да көйгөй бар экенин жактоочулары айтып чыгышты. Замир Жоошевдин билдиргендей, Атамбаевдин абалы акыркы бир жылдан бери жакшы эмес.

БАБАНОВ МЕНЕН ТАШИЕВДИН ТИРЕШИ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Өмүрбек Бабанов менен былтыркы жылдын 9-октябрынан бери жолуга электигин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ташиев ошондой эле 9-октябрдагы митингде чагымчылдык кылгандар иликтенип, жазасын аларын да кошумчалаган.

ИШ ТАШТАГАН АЙДООЧУЛАРДЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ АЛЫНАТ

Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо Бишкек мэрия ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрылат. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев билдирди.

«ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНУНА» ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

«Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Наматов кызматтан кетип, ордуна Адил Назаров дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү жарлыктарга калаа башчысынын милдетин аткарган Балбак Түлөбаев кол койду.

ТОКОЙ ЧАРБАНЫН ИНСПЕКТОРУ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде коррупциялык схема аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлагандай,жеке курулуш компаниялары социалдык жана соода объектилерин куруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун бергендиги үчүн агенттиктин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына туруктуу түрдө акча берип турушкан.

УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалганын кабарлады. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн атайын ыкчам аракеттердин алкагында 33 жаштагы Ш.А. аттуу адам кармалган. Ал буга чейин Ички иштер министрлигинде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган.

КАРАКОЛДО 6,6 САЛМАКТАГЫ ЫМЫРКАЙ ТӨРӨЛДҮ

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында кечээ, 14-январь күнү, салмагы 6,6 килограммга жеткен уул бала төрөлдү. Бул тууралуу Каракол үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди. Маалыматка караганда, бул 38 жаштагы келиндин бешинчи баласы. Ымыркай кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген.

Количество просмотров: 5794