• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаевдин тарапташтары ачкачылык жарыялады. Электр энергиясына болгон баа төмөндөйбү?

9 Жетинин айы 2020 16:53 Бишкек Govori.TV

COVID БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш адам каза болду. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 182 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 571 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарында. Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 63 390 кишиге жетти. Бир күндө 406 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 457 адам жатат, дагы 3 737 бейтап үйдөн дарыланууда. Ал эми коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 649га жетти, алардын 3 436сы айыгып чыкты.

ЖАПАРОВ НАРЫНДЫ КЫДЫРДЫ

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын облусунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Садыр Жапаров эл алдында сүйлөп жатып, аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканын региондорун кыдырып жатканын билдирди. Ал ошондой эле эл оозунан чыккан «ачуу чындыкты» угууга жана көп жылдардан бери Нарын облусунун калкынын топтолуп келген көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экендигин кошумчалады.


АТАМБАЕВДИН ТАРАПАШТАРЫ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары ачкачылык жарыялашты. Нааразычылык акциясына чыккандар Ак үйдүн алдына келишип, Алмазбек Атамбаевге жана башка тарапташтарына карата акыйкат чечим чыгарылышын жана соттор ачык болушун талап кылышты. Алар колдоруна плакаттарды кармап алышканын көрүүгө болот.

ОРТО-САЙ БАЗАРЫНДАГЫ ӨРТ

Орто-Сай базарындагы өрттө жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. “Өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, тилсиз жоонун андан ары башка обьектилерге жайылышына жол берилген жок. Ал эми саат 8:55 толугу менен өчүрүлгөн. Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1800 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор жок”,-деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги “Орто-Сай” базарынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 5 бөлүм, 1 авто шаты, 1 суу ташуучу унаа, ИИМден кызматкерлер тартылган. Өрттүн себеби жана чыгымдар тууралуу маалыматтар такталууда.

КӨЛДӨ КАТЫЛГАН КУРАЛ-ЖАРАКТАР ТАБЫЛДЫ

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы Балыкчы шаарынын четиндеги талаадан курал, ок-дары жана баңгизаттар сакталып турган жерди тапты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирип, окуя болгон жерде тартылган видеону өзүнүн YouTube каналына жүктөдү. Аталган кызмат кеңири масштабдагы иш-аракеттеринин негизинде бул боюнча маалымат алган. Аталган факт Жазык кодексинин 253-беренесине («Курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда аларды каткандардын ким экенин аныктоо иштери жүрүп жатат.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЧЫГЫМ КЫСКАРАТ

Бишкек мэриясы быйыл Жаңы жылдык салют аттыруудан жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды. Белгилей кетсек, өткөн жылы алты мүнөткө созулган салют аттыруу аземи болгон. Мэрия ал үчүн 800 000 сом каражат сарптаган эле.

Количество просмотров: 210