• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Аткаминер сынга калды. Адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү

12 Аяк оона 2022 18:00 Бишкек Govori.TV


КЫРСЫК 5 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Түп районунда жолго чыга калган аттын кесепетинен жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 196-чакырымында “Фольксваген Пассат”, “Субару” жана “Хонда Аккорд” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жыйынтыгында 32, 28 жана 30 жаштагы үч эркек, жана 14 жана 1 жаштагы кыздар каза болуп, төрт адам жабыркаган, алардын арасында 5 жаштагы кыз бар. Жабыркагандар Түп райондук ооруканасына жеткирилген. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан — бир канча жылдан бери дүйнөдө жол кырсыгынан эң көп жарандары каза тапкан өлкөлөрдүн катарында турат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул жылдын алты айында өлкө боюнча 3034 кырсык катталды.

АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨН АЖЫРАТУУ

Мас абалында, баңгизат колдонуп рулга отурган же жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуларды үч жылга айдоочулук укуктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, мас абалында же баңгизат колдонуп жол кырсыгына себеп болгон учурда күбөлүк 10 жылга алынат.
Айрым депутаттар мындай катаал чараларды колдоп, бирок ал коррупцияга жол ачышы ыктымал экенин белгилешти.

КОМИССАРИАТТЫН БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

Коррупция фактысы боюнча райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу, өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирип жаткан факторлорго жана шарттарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 9-сентябрында кылмышка шектүү делип КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча аскердик билеттерди берүүдө системалуу мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды. Кармалган кызматкер адам КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды. Учурда КР УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген иштерге тиешеси бар, КР Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке катышын аныктоо боюнча тийиштүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

АТКАМИНЕР СЫНГА КАЛДЫ

Ош шаарында соода объектилеринин ишмердүүлүгүндө контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) болушун жана иштешин текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп, ишкерлерге аппараттарды орнотуу жана колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Майрамбек Карыбеков, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери катышкан. Маалыматка караганда, рейдде вице-мэрдин “Изюм” рестораны да текшерилген.
Ал эми социалдык тармактарда биринчи вице-мэр өзүнүн ресторанын текшерген көрүнүштү сындап жатышат.

КИЧИНЕКЕЙ БӨБӨК ЖАРДАМГА МУКТАЖ

4 жаштагы Эльдар Таалайбеков тез арада жардамга муктаж. Ага 2 айлык кезинде операция жасалып, Spina Bifida диагнозу коюлган. Айласы кеткен ата-эне Түркия, Бразилия, Индиядагы дарыгерлерге кат жолдоп, акыры баласын Израиль өлкөсүнө алып барууну чечишкен. Эльдар үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Анын операциясына 100 миң доллар керек. Бөбөккө каражат топтоо үчүн үстүбүздөгү жылдын май айында атайы эсеп ачылган. Бөбөктүн жакындары кайдыгер карабаган жарандардан жардайм сурайт.

Количество просмотров: 453