• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Аткаминерден акча талап кылды делген блогер кармалды. Депутат Бакиров мандатынан ажырайбы?

14 Бештин айы 2022 18:08 Бишкек Govori.TV

СЮЖЕТ ЖАПЫРТ КАМАЛГАНДАРДЫН ИШИ

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 30га жакын саясатчы, блогер, активисттердин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Камакта отургандар иш протоколдор өзгөрүп жатканын белгилеп, Кемпир-Абад маселеси боюнча эмес, башка айыптар коюлуп жатканын айтып чыгышты.

ДЕПУТАТ МАНДАТЫНАН АЖЫРАЙБЫ?

Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун бир мандаттуу Көк-Жар шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча шайлоодогу атаандашынын арызын канааттандырган. Бул тууралуу депутат өзү билдирипЮ, муну басым катары баалады.

Анын айтымында, Равшан Рысбаев жаңы жагдайларга байланыштуу БШКнын 2021-жылдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча сотко арыз менен кайрылган.

Эске салсак, 17-ноябрда парламентте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн атайы депутаттык комиссия түзүлгөн.

ЫШ МАСЕЛЕСИ ПАРЛАМЕНТТЕ КӨТӨРҮЛДҮ

Жогорку Кеңештин 14-декабрда өткөн жыйынында Бишкекти каптаган кара түтүн маселеси кайрадан көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазов парламенттин 14-декабрдагы ыш элдин саламаттыгына олуттуу залакасын тийгизип жатканын айтты.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков абаны тазалоо боюнча тез арада чара көрүүнү, тийиштүү жетекчилер дароо маалымат беришин талап кылды. Сыдыгалиев ыш маселесин күн тартибине бүгүн киргизүүгө регламент жол бербей турганын айтканда эки депутат кайым айтыша кетти.

Дүйнө жүзүндө абанын сапатын тескеп турган World Air Quality көзөмөлдөгүчүнүн маалыматы боюнча Бишкек шаары акыркы жумада абасы кир үч шаардын бири болууда.

Бул арада абанын сапатына жана Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытуу жана жашылдандыруу боюнча экологиялык таза чечимдерди илгерилетүү боюнча потенциалын чыңдоо үчүн учурда Дүйнөлүк банк менен сапатты жакшыртуу долбооруна 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

БЛОГЕР КАРМАЛДЫ

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча активдүү интернет-блогер кармалды.

Такталгандай, кармалган блогер социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.

2022-жылдын 12-декабрында шектүү 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

МЕКТЕПТЕР КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛДЫ

Сасык тумоодон улам Бишкекте сегиз мектеп 14-декабрдан тарта карантинге жабылып, онлайн окууга өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Билим берүү башкармалыгы менен 13-декабрда 50 мектепте балдардын окууга келүүсүн текшерди.

Жыйынтыгында борбордогу №6, 60, 28, 54, 59, 72, 95, 103чү билим берүү мекмелеринде окуучулардын 20% мектепке келбей жатканы аныкталган. Эреже боюнча, эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса мектептерде карантин киргизүү маселеси каралат.

Эске салсак, кечээ, 13-декабрда Билим берүү  министрлиги Чүйдөгү алты мектеп карантинге жабылган. Ага да окуучулардын 20 пайызы келбей жатканы себеп болгону айтылган.

Количество просмотров: 307