• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Аялына дөңгөлөк аскан киши сот залынан бошотулду. Коронавирус менен катар дагы бир илдет күчөдү

2 Теке 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда 2-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 526 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 6261 кишиге жетти.

ВИРУСКА КАРШЫ АРАКЕТТЕР

3-июлда Кытай өлкөсүнөн 500 кычкылтек концентратору келет. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, медициналык жабдыктарды сатып алуу үчүн өкмөт тарабынан 50 млн сом бөлүндү. Ошондой эле премьер-министр штабдын чечими менен Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынан 100дөй кызматкер Бишкекке жардамга келе турганын билдирип, медкызматкерлерге кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу пландалып жатканын айтат. Мындан тышкары, Боронов сырттан келген акчалай жардамдарды «өкмөт жеп-ичип алды» деген сөздөр негизсиз экенин кошумчалады.

ПНЕВМОНИЯ КҮЧ АЛДЫ

Кыргызстандын ооруканаларында соңку үч күндө өпкөсүнөн кагынып ооруган 43 бейтап кайтыш болду. Коронавируска каршы ыкчам штабдын 2-июлдагы маалыматына караганда, ошентип, март айынан бери бул илдеттен өмүрү кыйылгандардын жалпы саны 97 кишиге жетти. Акыркы бир суткада каза болгондордун 13ү Бишкек шаарында экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
29-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов быйыл март айынан бери пневмониядан 54 адам кайтыш болгонун, алардын 48и Бишкекте экенин айткан.
Расмий маалыматка караганда, март айынан бери пневмония менен 1971 адам катталды, алардын 627си айыкса, 97си кайтыш болду, ал эми 1247си ооруканада жатат. Ооруканадагылардын 337синин абалы оор, алардын 112си реанимацияда

ФИНПОЛ ДАРЫКАНАЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮДӨ

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы айрым дарыканалардын дары-дармек баасын негизсиз жогорулаткан фактыларга байланыштуу рейд жүргүзө баштады. Мекеме кабарлагандай, бааны негизсиз көтөргөндөр аныкталган жана катуу чара көрүлөт. Финансы полициясы ишкерлерге, дарыкана ээлерине абалдан пайдаланып медициналык каражаттардын баасын көтөрүүгө болбой турганын эскертти.

КОРОНАВИРУСТАН ДААРЫЛАНЫП ЖАТКАН АЯЛ ТЕРЕЗЕДЕН БОЮН ТАШТАДЫ

Ош шаарында коронавирустан дарыланып жаткан бейтап 3-кабаттан боюн таштап, каза болду. Маалыматка ылайык, 1-июль күнү Ош шаардык ооруканасында (эски имаратында) 29-июлдан бери коронавирус оорусу менен катуу ооруп, дарыланып жаткан 34 жаштагы аял оорукананын 3-кабатынан боюн таштап жиберген. Алган оор жаракатынан улам ал окуя болгон жерде каза болгон. Учурда укук коргоо кызматкерлери саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте бул окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

АЯЛЫН КОРДОГОН КИШИГЕ СОТТУН ӨКҮМҮ ЧЫКТЫ

Сузактагы аялын кордогон киши күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Акыйкат» укук коргоо уюму маалымдады. Белгилүү болгондой, сот айыпталуучуну эки жылга пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарган. Ал сот залында камактан бошотулду. Эске сала кетсек, социалдык тармактарда күйөөсү аялынын эки колун таңып, дөңгөлөк байлап, жаакка чаап, башынын ылдый суу куюп сабаган видеосу тараган. Аны менен катар бул көрүнүштү видеого тартууну буюрат. Соттун чечими менен ал 15 күнгө камакка алынган. Кордолгон аял млиция бөлүмүнө арыз жазган, бирок көп өтпөй арызын кайтарып алган.

Количество просмотров: 515