• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ажо айдоочуларга жазанын күчөтүлүшүн кубаттады. Бүтүрүүчүлөр үчүн ЖРТнын баасы кымбаттады

3 Жалган куран 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫ ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА

Президент Садыр Жапаров жаңы киргизилип жаткан жол эрежелери боюнча пикирин «Кабар» агенттигине маек куруп жатып айтты. Ал жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калгандардын саны көбөйүп баратканын белгилейт. Жапаров мунун баары жол эрежесин билбей, билсе да эрежени сактабай айдагандардын кесепетинен болуп жатканын айтты.

МАМКЫЗМАТКЕР АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басарынын ишмердүүлүгүндө алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басары тарабынан алдамчылык фактыларды аныктады.
«Ал жооптуу кызматты ээлегенине таянып башка жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

ЖУРНАЛИСТ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

24.kg маалымат агенттигинин редактору Анастасия Мокренко агентик жайгашкан RedCentre соода борборуна коюлган бомба боюнча УКМКнын Бишкек башкармалыгына суракка чакырылды. Маалымка ылайык, кызматкерди жумуш убактысында редакциядан алып кетишкен. Эч кандай чакыруу кагазы болгон эмес. Бул 2-мартта болгон. Кошумчалангандай, Мокренко 2023-жылдын 20-январында бир нече басылмалардын редакциясына жардыргыч заттар коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөнү күбө катары суракка алынганын билдирген. Ошондой эле Next TV телеканалынын кызматкери Тилек Жуматаев милицияга суракка чакыртылганы белгилүү болду. Телеканалдын башкы продюсери Дмитрий Ложников маалымдагандай, Жуматаев Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине күбө катары суракка чакырылган, бирок себеби белгилсиз.

ЖРТ — 2023: КАТТОО БАШТАЛДЫ

27-февралда өлкө аймагында жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылды. Эми ал 7-апрелге чейин уланмакчы. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун акысы жогорулатылды. Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдиргендей, быйыл негизги жана ар бир предметтик тесттин акысы 470 сомду түзөт. Мурда бул сумма 370 сом болчу.

ӨСПҮРҮМ 4-КАБАТТАН КУЛАП КЕТТИ

Бишкекте окуучу кыз үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти. Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 2-мартта саат 22:49дар чамасында милиция кызматына Жал кичирайонундагы өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдөн кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барган. “Алгачкы алынган маалыматка ылайык, 13 жаштагы М.С. аттуу кыз жогорудагы айтылган үйдө жалгыз болгон жана үй бек болгон. Ал курбулары менен сейилдөө үчүн үйдөн качып чыгууну көздөп, балкондон түшөйүн деп жатып кулап кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

8-МАРТТА ЖҮРҮШ ӨТӨТ

8-мартта Бишкектеги Спорт ордосунун алдында гендердик зомбулук жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик жүрүшү өтөт. Феминисттик кыймылдын маалыматына караганда, коомдук жайларда аялдарга асылган учурлар көбөйүүдө, милиция менен сот «аялдарга каршы кылмыштарга көз жумуп коюп», натыйжалуу иштебей жатат. Мындан улам аялдарга зомбулук көрсөткөндөргө кылмыш жоопкерчилигин көрсөтүүнү, ар бир аймакта кризистик борборлорду ачууну жана сөз эркиндигине кысым жасоону токтотууну талап айтылууда. Эске салсак, 2022-жылы 8-мартта Бишкек жана Ош шаарларында тилектештик жүрүшү өткөн. Ал эми 2020-жылы өткөн жүрүштө акциянын катышуучуларына белгисиз кишилер кол салып, милиция жүрүштүн уюштуруучуларын кармаган.

Количество просмотров: 358