• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Күндүн ыргагы: Бакиевдердин мүлкү боюнча сотторго иш козголду. Эркин медиаларга кысым күчөдүбү?

13 Тогуздун айы 2022 18:21 Бишкек Govori.TV

АСТАНАДАГЫ САММИТ

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү. Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган аймактык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи. Мындан тышкары, ушул эле күнү Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков үч тараптуу жолугушууда президент маселелерге чекит коюш керектигин билдирди.

СОТТОРГО ИШ КОЗГОЛДУ

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык болуп, кийин улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу боюнча пара алгандар аныкталды. УКМК билдиргендей, 2010-жылдын 25-майында Убактылуу өкмөттүн №43 декрети менен 10 гектар жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылындагы «Ысык-Көл — Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан, Бакиевдин жакындарына таандык болгон 97 кыймылсыз мүлк объекти мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок кийин жеке кишилердин колуна берилип кеткен. Бул объектилерди үч инстанциядагы соттор адилетсиз чечими менен мамлекеттин менчигинен чыгарышкан. Судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптарга чыгарып берүү үчүн алардан ири өлчөмдө пара алышканы аныкталды. Бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңешинин депутаттары да шектелүүдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекеттин кызыкчылыгына 500 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Чогултулган материалдардын негизинде Башкы прокуратура Жогорку соттун мурдагы төрагасы Д.Ф.З., Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Жогорку соттун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Жга карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча иш козгогон, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле Бакиевдин жакындарына таандык делип, кийин улутташтырылган мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүп жатканы кошумчаланды.

ЭРКИН МЕДИАЛАРГА БАСЫМ

«Азаттык» радиосунун Бишкектеги имаратынын алдында митинг болду. Ага келгендер «Азаттык» радиосун, аны менен катар эле Kloop жана Kaktus сайттарын жабууну талап кылышты. Чогулгандар аталган медиалар туура эмес маалымат берип жатат деген пикирин айтып, чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам тез арада кабыл алынышы керектигин билдиришти. Акцияда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган катышуучу 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон, коррупцияга шектелип кармалган Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына жана башка митингдерге чыгып жүргөнү менен белгилүү. Кечээ ЖМКларда ЖК депутаты Надира Нарматованын бийлик бул ЖМКларды жабуу үчүн депутаттардын колун топтоп жүргөнүн айтканы тууралуу маалымат чыккан. Бул туурасында Дастан Бекешев төмөндөгүлөрдү билдирди. Ал эми Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин бүгүнкү жыйынында сөз эркиндигине жаралып жаткан коркунуч тууралуу маселе көтөрдү. Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо бүгүн сөз эркиндигин чектөөгө шымаланып бараткандар бар экенин ачык эле айтты.

КЫШКА КАМЫЛГА КАНДАЙ?

Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу бүгүн,13-октябрда өткөн маалымат жыйында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, алдыдагы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө ар бир жетекчи керт башы менен жооп берет. Ибраев ошондой эле бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБге 242 миң тонна көмүр жеткирилгенин кошумчалады.

МАС АЙДООЧУНУ ЖАЗАЛОО

Парламентте мыйзам долбоору каралууда, ага ылайык мас абалында унаа башкарган айдоочу 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Тилек Исаев билдирди. Мындан тышкары, Исаев аталган мыйзам долбоорунда айдоочу жыл ичинде бир эле жол эрежесин 5тен көп жолу бузган болсо, анда ал “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүккө кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөрү каралганын кошумчалады.

Количество просмотров: 413